Кызматкерлер «Манас» аэропортунда табылган «Баатыр эне» орденинин ээсин издеп жатат
Бөлүшүү:
«Манас» эл аралык аба майданынын кызматкерлери «Баатыр эне» орденин таап алышты. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди.
Маалым болгондой 14258 номурлуу орденди «Манас» эл аралык аба майдандын кызматкерлеринин бири 21-августта таап алган.
«Баатыр эне» ордени менен кыргызстандын жарандары, 7 жана андан ашык балдарды татыктуу тарбиялап өстүргөн аялдарга берилет. Ал президенттин буйругу менен берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyzmatkerler-manas-aeroportundatabylgan-baatyr-ene-ordeninin-eesin-izdep-zhatat
Добавить комментарий ×