"Шумкар" полкунун жоокерлери кызмат өтөөдө этияттык чараларын кантип туура сактоону үйрөнүштү

16 апрель 2020 19:46 1644 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик мезгилде коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоо үчүн кандай эрежелерди аткаруу керектиги түшүндүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди. 

Аны Кыргыз Республикасынын ИИМдин медициналык кызматынын улук инспектор-психологу, милициянын майору Сманова Жаркын Жеңишбековна жана инспектор-психолог, милициянын улук лейтенанты Шайшеева Айнура Эмильбековналар өткөрүштү. Алар ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун кызматкерлерине карантиндик мезгилде коронавирус илдетин алдын алуу жана жуктурбоодо, ички иштер органдарынын кызматкерлери кызмат өтөөдө этияттык, сактык чараларын кантип туура сактоо жөнүндө түшүндүрүп сабак өтүштү. Ошондой эле, ар бир кызматкерге кызмат өтөөдө алып жүрчү эскертмелерди беришти. Күн сайын кызматкерлерге кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде кесипкөйлүк жана ак ниеттүүлүк менен кызмат аткарууда нускамалар өткөрүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/kyzmat-td-etiyattyk-saktyk-charalaryn-kantip-tuura-saktoo-zhnnd-jrnsht



Добавить комментарий