Кыжырданып жинденүү агрессиянын тепкичине жеткирет

6 октябрь 2019 17:02 3286 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы заманбап жашоо ыргагында өзүбүздү сабырдуу кармап, колго ала билүүдөн бир аз аксап жаткандайбыз. Анткени, нерв торчолорубуз калыбынан чыгып башкарууга баш бербей калган. Буга бир нече терс факторлор себеп болот. Маселен, өнөкөт чарчоо, ден- соолуктун бузулушу, ар дайым шашып жүрүү, ызы- чуунун көптүгү жана көп элдердин арасында узак убакытка болуу учурлары себеп болот. Мунун айынан сабырдуу болуп, өзүбүздү колго алуу абдан кыйынга турат. Андыктан, ачуубуз чукул келип, чырчыл болуп күчүбүздүн баарын жакындарыбыздан чыгарабыз. Бул албетте, абдан жагымсыз көрүнүш. Андыктан жакындарыңызды таарынтпай, өзүңүздү колго ала билүүгө аракет жасаңыз. Эгерде өзүңүздүн мындай терс сапаттарыңыздан эртерээк арылбасаңыз, анда, көп убакыт өтпөй жакындарыңыз менен мамилеңиз солгундап, маанайыңыз чөккөндөн- чөгүп, өзүңүзгө болгон ишеним жоголо баштайт. Үй бүлөдө чыр- чатак көбөйөт, жумушка болгон жөндөмдүүлүгүңүз төмөндөйт, ар кандай ооруларга да чалдыгасыз.

Агрессиянын тепкичи:  Ачуу менен кыжырдануунун кандай байланышы бар? Кыжырдануу менен күрөшүү оңойго турбайт. Бирок, психолог адистери мындай терс көрүңүштөн эртерээк арылууга шашылыш керектигин белгилешет. Анткени, убагынан өтүп кетсе, ал агрессиянын тепкичине жеткирет. Андан кийин ачууланууга жетип, жакындарын кагып- силкүү менен коштолот. Эң эле жаманы таптакыр чектен ашып кетсе, жакындарына физикалык күч колдонууга чейин жетет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzhyrdanyp-zhinden-agressiyanyn-tepkichine-zhetkiret



Добавить комментарий