"Кыз бурактын кызы" Азалия кайрадан Кыргызстандын атынан сулуулар сынагына катышат

14 март 2019 17:45 1557 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

“Кыз бурак” тобунун мурунку солисти Азалия кайрадан сулуулар сынагына катышмай болду. Бул тууралуу ал өзү инстаграм баракчасынан кабарлады.

Ырчы 13-мартта 56 өлкөнүн өкүлдөрү катышып Египетте өтө турган  «International World» сулуулар сынагына катышмай болду.

Азалия өзүнүн инстаграм баракчасынан сынак тууралуу маалымат менен бөлүшүүдө.

Ал буга чейин Малайзиядагы сулуулар сынагында байгелүү орунду камсыздай албай калганына өкүнбөгөнүн билдирип:

“Бир эшик жабылса башкасы ачылат. Жаңы максаттар, жаңы мүмкүнчүлүктөр”, -деген пост да жазып чыкты.

Көпчүлүк ырчыны колдоого алып ийгилик каалашса айрымдар “башка кыз жок бекен?”, “жөн эле койсоң болмок дешип сынга алууга да жетишишти.

Эске салсак, Азалия буга чейин Малайзияда өткөн «Miss Cosmopolitan World» сулуулар сынагына катышып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyz-buraktyn-kyzy-azaliya-kajradan-kyrgyzstandyn-atynan-suluular-synagyna-katyshat



Добавить комментарий