"Кыз бурактын" кыздарынын чыры. Айжамал Кабылова кечирим сурады
«Кыз бурак» тобунун мурдагы ырчы кыздары Кенже Дүйшеева менен Айжамал Кабылованын ортосундагы пикир келишпестик коомчулукта катуу талкууга алынып, күндүн темасына айланды. Бүгүн Айжамал Кабылова акыркы 3-4 күндүн ичинде болуп өткөн жагдай үчүн элден кечирим сурады. Ал бул тууралуу инстаграм өзүнүн баракчасына:
«Жаралган ыңгайсыз кырдаалдар үчүн баарыңыздардан кечирим сураймын! Урматтуу кыргыз элим! Мага жол көрсөткөн улуулардын, атактуу өнөр адамдарынын кеп-кеңештерине таянып, мен өзүмдүн постторумду өчүрдүм!!!”, -деп жазып чыкты.
Ырчы ашыкча кеп-сөздөрдөн алыс болууну чечкенби, айтор, пикир калтыруу бөлүмүн өчүрүп койду.
Ал эми Кенже Дүйшеева постторун өчүргөн да, башка комментарий да берген жок.
Эске салсак, кечээ “Кыз бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан эле.
Ссылка: https://barometr.kg/kyz-buraktyn-kyzdarynyn-chyry-ajzhamal-kabylova-kechirim-surady
Добавить комментарий ×