Кытайга каттаган чоң жүк ташуучу айдоочулар виза алуу маселеси татаалдашып жаткандыгын айтышты
Кытайга каттаган чоң жүк ташуучу айдоочулар кытайдын визасын алуу маселеси татаалдашып жаткандыгын айтышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, 2018-жылдын 27-ноябрында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайга каттаган чоң жүк ташуучу айдоочулардын тобун – КР жарандарын кабыл алган.
Жолугушууда айдоочулар акыркы мезгилдерде кытайдын визасын алуу маселеси татаалдашып баратканын айтып, өз ойлору менен бөлүшүшкөн.
Министр айдоочулардын көйгөйүн угуп, маселени комплекстүү кароо зарылдыгын белгилеп жана жакынкы аралыкта тиешелүү министрлик менен биргеликте, айдоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүүнү сунуштады-деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле Ч.Айдарбеков айдоочулар көтөргөн маселени мыйзам чегинде карап, сунуш киргизүү тапшырмасын министрликтин тийешелүү бөлүмдөрүнө тапшырды.
Добавить комментарий ×