Видео. Кытайда автобус жарылды, 40тан ашуун адам каза тапты

20 июнь 2018 04:15 2521 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кырсык автобус Пекин-Чжухай каттамы боюнча кетип бара жатканда болгон. Кытай маалымат булактарынын кабарлаганына караганда 35 орундуу автоунаа ашыкча адам салып бара жаткан жана унаанын жүк ташуучу бөлүгүндө күйүүчү заттар да болгон. Маалыматтарга ылайык, 6 киши тирүү калган. 

Жергиликтүү полициянын айтымында каза тапкандардын сөөгү таптакыр өрттөнүп,күйүп кеткен. Андыктан аларды ДНК анализи аркылуу гана аныктоо мүмкүн.


Ссылка: https://barometr.kg/kytajda-avtobus-zharyldy-40tan-ashuun-adam-kaza-tapty



Добавить комментарий