Кышында пайда болгон оорудан сактаныңыз
Тамагыңыз ооруса, жылуу сууга жалбыз менен 1 лимон тилимин кошуп ичиңиз;
Кургак жөтөл кыйнаса, липа кайнатмасын ичиңиз (термоско куюп, ар 3-4 саат сайын ичип туруңуз);
Мурдуңуз бүтүп калса, пиаз же алоэ ширесин кебезге тамызып, жыттап жатыңыз;
Суук тийсе, шалфей менен лимондон чай демдеп ичиңиз. Ага бактерияга каршы жардам бере турган тимьян кошсо ла болот;
Түрдүү таттуу суусундук алып ичкенче, жөнөкөй кайнаган сууну көбүрөк ичкенге тырышыңыз;
Мончого барсаңыз, милдеттүү түрдө буусу бар бөлмөгө кирип денеңизди жибитиңиз;
Жатар алдында 5-10 мүнөт терезеңизди ачып, бөлмөңүздөгү абаны тазартыңыз;
Ал эми эң башкысы, кыямды унутуп калбаңыз. Мисалы, бүлдүркөндөн жасалган кыям температураңызды түшүрүүгө жардам берет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyshynda-pajda-bolgon-oorudan-saktanyyz
Добавить комментарий ×