Кышкы баш кийимди бетибиздин формасына жараша тандайбыз

11 январь 2019 15:37 1757 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кышкы баш кийим (шапка) суук мезгилдин эң керектүү аксессуарына кирмекчи. Аны туура тандоо сиздин ажарлуу көрүнүшүңүзгө салым кошот. 2019 жылы кандай жана кайсы өңдөгү баш кийимдер модада? Биз ушул тууралуу сөз кылабыз.

Кышкы баш кийимди бетиңиздин формасына жараша тандаңыз

1.Беттин формасы овалдуу болгон кыздарга чекесин жакшы жапкан баш кийимдер туура келет. Ошондой эле ар түрдүү ассиметриялык формадагы шапкалар дагы жарашыктуу болот.

2.Бети тегерек формадагы кыздарга болсо өтө жабышпаган, төбөсүндө бубондору бар шапкалар туура келет

3.Бетинин формасы төрт бурчтуу болгон кыздарга кенен-чонон шапкалар жарашат.

4.Бетинин формасы үч бурчтуу болгон кыздарга болсо, ар кандай атайын жасалгаларга бай баш кийимдер туура келерин мода эксперттери эскертет.

Чачтын өңү дагы маанилүү ролду ойнойт

1.Сары чачтууларга ачык өңдөр жарашат. Мисалга, кызыл, ак жана сары өңдөр

2.Ал эми брюнетка кыздарга көгүш өңдөр.

3.Кызыл чачтарга болсо, жашыл, фиолетовый жана күрөң түстөгү шапкалар жарашат экен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyshky-bash-kijimdi-betibizdin-formasyna-zharasha-tandajbyz



Добавить комментарий