Кыргызстанга мыйзамсыз авто унаалар башка мүлктүн аты менен кирген
Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «Ю.Т» ААК тарабынан ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныкташты.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБтин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери «Ю.Т» ААК тарабынан туура эмес ТНВЭД кодун колдонуу менен ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныкташты.
Бул факт боюнча төлөнбөй калган бажы алымынын жалпы суммасы 227 780,5 сомду түзөт.
Бул маселе боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын генералдык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-myjzamsyz-avto-unaalar-bashka-mlktn-aty-menen-kirgen
Добавить комментарий ×