Кыргызстанга Фуджейранын ханзаадасы шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди

2 сентябрь 2018 22:30 1271 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-сентябрда, Кыргыз hеспубликасына Фуджейра эмиратынын ханзаадасы (Бириккен Араб Эмираты) eлуу урматтуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки келди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шаркини Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов тосуп алды.

Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки Кыргыз республикасына жумушчу сапар менен келди.


Сапар алкагында ханзаада Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Улуу даражалуу шейх Мохаммед бин Хамад бин Мохаммеда Аль Шарки ошондой эле бүгүн Ысык-Көл жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-fudzhejranyn-hanzaadasy-shejh-mohammed-bin-hamad-bin-mohammeda-al-sharki-keldi



Добавить комментарий