Кыргызстанга 5G технологиясы качан киргизилет?

23 июнь 2021 12:16 2587 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Кыргызстанда 5G технологиясы качан киргизилет?”,-деп сурады бүгүн, 23-июнда депутат Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында.

Мамлекеттик байланыш кызматынын башчысы Талант Калыков жыл соңуна чейин аны тесттик режимде сынактан өткөрүү каралып, ал эми 2023-жылдын соңуна чейин бул системаны киргизүү күтүлүп жатканын айтты.

“Бирок калктын жогорку суроо-талабынан улам 5G андан эртерээк да киргизилиши ыктымал”,-деп билдирди Калыков.

Ошондой эле ал 5G технологиясын колдогон телефондор азыркы учурда 100 миң сомдон жогору бааланарын, бул технология менен дүйнөнүн бир дагы өлкөсү азырынча толук иштей электигин дагы кошумчалады.

     

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanga-5g-tehnologiyasy-kachan-kirgizilet



Добавить комментарий