Кыргызстандын жолдорунда жүк унааларынын күндүз жүрүүсүнө тыюу салынды

6 июнь 2019 11:11 1063 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жай мезгилинде жүк унааларынын күндүз жүрүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги кабарлады.

Мындай чечим унаа жолдорун сактоого жана алардын колдонуунун мөөнөтүн узартууга байланыштуу кабыл алынды.Жол жүрүүгө тыюу салуу саат 09.00дөн 20.00гө чейин абанын температурасы +28 градуска жеткен маалда токтотулат.

Чектөө 1-сентябрга чейин киргизилди. Бул эрежелер жалпы массасы 25 тоннадан ашкан унаа каражаттарына иштейт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-zholdorunda-zhk-unaalarynyn-kndz-zhrsn-tyyuu-salyndy



Добавить комментарий