Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп Эрлан Абдылдаев дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Эрлан Абдылдаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматына таянып "Баромерт" билдирет.
Аталган жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Буга чейин Германия Федеративдүү Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп Эринес Оторбаев кызмат өтөгөн.
Белгилей кетсек, Эрлан Абдылдаев 2012-жылдан тарта КРнын Тышкы иштер министри болуп эмгектенген. 2018-жылдын 12-октябрында өз каалоосу менен кызматынан кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-germaniyadagy-elchisi-bolup-erlan-abdyldaev-dajyndaldy
Добавить комментарий ×