Кыргызстандын элчиси менен Австриянын ТИМнин генералдык катчысы ар кандай кызматташтыктар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

12 июль 2018 23:00 950 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 11-июлунда Вена шаарында Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Австриянын Тышкы иштер министрлигинин генералдык катчысы Йоханнес Петерлик менен жолугуп эки тараптуу саясий, экономика жана маданият маселелери боюнча кызматташуусун талкуулады.Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Жолугушуунун башында элчи Б.Джусупов мырза Й.Петерликти жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап ийгиликтерди каалап кетти.

Талкуунун жүрүшүндө элчи  Кыргызстандагы ички саясий жана экономика кырдаал жөнундө маалымат берип, жазылып жаткан Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясы жана “Таза Коом” программасы ишке ашырылып жаткан аракеттер жөнүндө айтып берди. Кыргыз тарап Австрия менен инвестиция, экспорт, цифровизация, туризм жана башка чөйрөлөрдө кызматташуусун улантарын белгиледи. Ушундан сон, тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австриялык комиссиясынын өкмөттөр аралык жетинчи жыйынын 2019-жылы өткөрүүсүн макулдашты. Ошондой эле элчи Жусупов Австрияны спорт жана маданий делегациясын 3-ДКО катышуу үчүн жиберүүгө багыттады.

Ар тараптуу кызматташтыктын алкагында, элчи Б.Джусупов австриялык тарабына 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Туруктуу эмес мүчөлүккө КРнын талапкерин колдоо өтүнүчү менен кайрылды. Андан тышкары Австрия Европа биримдигинин кенешине төрага болгонуна байланыштуу Европа биримдигинин алкагында Австрия менен кызматташуусуна Кыргызстан даяр экенин белгилеп кетти.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-elchisi-menen-avstriyanyn-timnin-generaldyk-katchysy-ar-kandaj-kyzmattashtyktar-tuuraluu-sjlshlrd-zhrgzd



Добавить комментарий