Кыргызстандын алмасы Өзбекстанда сатыла баштады. Анын баасына жергиликтүү тургундар таң калууда
Кыргызстандын алмасы Өзбекстандын базарларына дүңүнөн барып жатат. Бул тууралуу podrobno.uz сайты жазды.
Ага ылайык, кыргыз алмасынын баасы жергиликтүүлөр үчүн абдан ыңгайлуу жана керек болсо арзан. Учурда анын бир килограммы 2 доллардан (138 сом) сатылууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун тамак-аш жана айыл чарбасы боюнча эл аралык консультанты Бахтиёр Абдувохидовдун айтымында, Өзбекстандын базарларынан кыргыз алмаларын дүңүнөн 0,60 доллардан (40 сомдон) сатып алса болот. Ошол эле маалда Өзбекстандын базарларында Ирандын алмалары дүңүнөн 1,15 доллардон (80 сомдон) сатылууда.
Учурда Өзбекстанга “Старкримсон” жана “Ренет Симиренко” сортундагы алмалар сатылууда. Алардын сапаты Өзбекстандын базарларында сатылып жаткан башка алмаларга караганда алда канча жакшы.
Жергиликтүү эксперттер Кыргызстандан келген арзан алмалар базар баасын бир аз түшүрүп, жергиликтүү эл үчүн жакшы шарттарды түзөт деп божомолдошууда.
Добавить комментарий ×