Кыргызстандык жигит Москва дайрасын сүзүп өтөм деп чөгүп кете жаздады

24 июнь 2019 08:56 1376 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кунцево» куткаруу станциясынын куткаруучулары Москва суусунан сүзүп өтүүгө аракет кылган жигитти куткарышты. Бул тууралуу РИА Новости булагы кабарлады. 

Саат 17:30да «Кунцево» станциясынын издөөчү- куткаруучулары 1994-жылы Кыргызстанда туулган эркекти куткарышты. Станциядан 1,5 чакырым алысыраак жерден ал Москва суусунан сүзүп өтүүгө аракет жасаган.

 “Эркек киши күчүн жоготуп чөгө баштаганда аны жээкти кайтарып жүргөн куткаруучулар көрүп аман алып калышты. Жигитке жардам көрсөтүлүп үйүнө жөнөтүлдү”,-деп айтылат маалыматта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-zhigit-moskva-dajrasyn-szp-tm-dep-chgp-kete-zhazdady



Добавить комментарий