Кыргызстандык кыз Тайванда "Мыкты улуттук кийим" номинациясы боюнча 2-орунду алды
Бөлүшүү:
Тайванда өткөрүлгөн Global Charity Queen 2018 сулуулар сынагында Кыргызстандын атынан катышкан Калима Алмасбекова мыкты ондука кирди. Ага кошумча "Мыкты улуттук кийим" номинациясы боюнча 2-орунду багындырды.
Сынака дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 50 кыз катышты.
Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде: "Биз конкурс учурунда парадка, экскурсияларга, кайрымдуулук долбоолоруна, фотосессияларга катыштык. Жадакалса "Кысыктагы түн" иш-чарасына, фестивалдарга жана "Дүйнөдөгү эң кооз пляждар" конкурсуна да катышууга жетиштик." -дейт Калима Алмасбекова.
Добавить комментарий ×