Кыргыз чек арачылары Өзбекстандын түрмөсүнөн качкандарды кармашты
Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандын түрмөсүнөн качып, өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аракет жасаган эки кылмышкерди кармоого көмөктөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
Окуя Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Бел-Сөгөт жергесинде катталды.
«Кыргызстандык чек арачылар жана Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик чек арадан мыйзам бузуп өтүүгө аракет кылган жеринен 24 жана 29 жаштагы эки өзбек жараны кармалды», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ташкент облусунун Занги-Ата районундагы абактан эки адам качып кетти деген кабар чек ара кызматына маалымдалган эле.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-chek-arachylary-zbekstandyn-trmsnn-kachkan-zharandardy-karmashty
Добавить комментарий ×