Кыргызстандык Бекзат орусиядагы кырсыкка учураган жүргүнчүлѳргѳ сактап калды
Жакында орусиянын Пермь шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус жол кырсыгына учураган. Кыргызстандык Максатбек уулу Бекзат кырсык жердеги адамдарга эң биринчи жардам көрсөткөн. Мындай маалыматты жергиликтүү маалымат булактары жазды.
Бекзат, таксист болуп эки айдан бери иштейт. Пермь шаарында ата-энеси жана иниси болуп жашашат. Бекзат кырсык болгон күнү жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жүргөн. Жолдон автобус имаратты сүзгөнүн көрүп, анын ичиндеги жүргүнчүлөргө жардам берүүгө аракет жасаган. Автобустун айнегинен кирип, 4 адамды куткарган.
«Автобустун ичинде адамдардын баары канга боёлуп жатыптыр. Мен биринчи кезекте кичинекей баланы алдым, андан соң бир жигитти чыгарайын дедим. Бирок анын буту кыпчылып калгандыктан ага жардам бере алган жокмун. Кайрадан эшикти ачууга аракет кылдым, бирок ача албай, терезеден киргенге туура келди. Ал жерде аялдын колунда кичинекей бала бар экен. Баланы алып сыртка чыктым. Сыртта жардамга келген адамдарды көрүп, аларга баланы карматтым. Бул учурда көп адам чогулуп калыптыр», - дейт Бекзат.
Ал эми автобустун ичинде 50 жүргүнчү болгон. Кырсыктан 1 адам (аял киши) көз жумган. Ошондой эле 34 адам жабыркап, ооруканага түштү, анын ичинен ону жаш балдар.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-bekzat-orusiyadagy-kyrsykka-uchuragan-zhrgnchlrg-zhardam-berdi
Добавить комментарий ×