Кыргызстандык аниматорлор Youtube платформасынын үчүнчү алтын баскычын алышты
Кыргызстандык Lights creative видео студиясы Youtube платформасынан күмүш жана алтын баскычтарды алды. Ошентип мындай сыйлыктарга үчүнчү ирет ээ болуп отурушат.
Биринчи алтын баскыч аниматор Курман Жолдошевге тапшырылган.
Бул сыйлыктар Lights creative студиясына биринчи ирет берилген жок. Азыр студиянын арсеналында белгилүү видеосервистин 4 сыйлыгы бар. Алардын анимациялык видеороликтери балдарга арналган.
Lights Creativе Group ишин 2016-жылы баштаган. Видеостудия кеңири спектрде кызмат кщрсщтщт. Анимациядан баштап киного чейин тартып, оюндарды иштеп чыгышат. Студия видеоблогер Эльдана Форайстын ала качуунун курмандыктары боюча жарнамалык ролигинен кийин белгилүү болгон. Түзүүчүсү Нурлан Мирзаматов ата мекендик кинематографияда «ЖинМэн», «СИМУЛЯНТтар» тасмаларынын продюсери жана режиссеру катары белгилүү.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-animatorlor-youtube-platformasynyn-chnch-altyn-baskychyn-alyshty
Добавить комментарий ×