"Кыргызстанды Бириктирүүчү патриоттук партиясынын" талапкерлеринин шайлоочуларга кайрылуусу

23 ноябрь 2021 17:32 Barometr
Бөлүшүү:
ok



"Кыргызстанды Бириктирүүчү патриоттук партиясынан" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлеринин шайлоочуларга  кайрылуусу: 

"Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2021-жылдын 28-ноябрында сиз өз тандооңузду жасап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы курамын түзүшүңүз керек.  Бул курам кандай болот, өлкөбүз кандай жол менен алдыга карай барат, Кыргызстаныбыз жакынкы 5 жылда кандай жашап, өнүгөт, бул түздөн-түз ар бирибизден көз каранды.

Бардыгыбыз эгемендүү, гүлдөгөн, өнүккөн мамлекетибизде токчулукта жана кубанычта жашап, иштеп, балдарыбызды туулган жерибизде чоңойткубуз келет.  Биз Кыргызстандын бардык жарандары биздин өлкөнүн жарандарынын жашоо-турмушунун төмөндүгүнөн, укуктарынын сакталбасытыгынан жана кооптуу болгондугунан улам ыңгайсыз сезбестен: “Мен Кыргызстанданмын” деп сыймыктануу менен айта алышын каалайбыз.

Бул мындан ары улана бере албайт, анткени биз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо депутаттыкка көрсөтүлүү чечимин кабыл алдык.  Биз жөн гана Кыргызстандын жана анын жакшы жашоого татыктуу элинин өнүгүшү үчүн бардык күчүбүздү жумшоого милдеттүүбүз.

Кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу үчүн саясатка барабыз.

Баарына маалым болгондой, “Талаада жалгыз адам - жоокер эмес” – демекчи, жаш, таза, прогрессивдүү, мекенчил кыргыз атуулдарынын арасынан ар улуттун атуулдарын бириктирген “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынын” тегерегине чогулдук.

Бүгүнкү күндө биз энергияга толуп, Кыргызстанды этап-этабы менен өзгөртүү боюнча тарыхый мүмкүнчүлүктөн пайдалангыбыз келет.  Биз муну биргелешип, негизги принциптерди жана баалуулуктарды аныктоо менен гана жасай алабыз.

Биз кимбиз?  Биз Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиябыз

Биз:

  •  жаңыча ойлонгондордонбуз;
  •  алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн, өлкөнүн жарандарынын көйгөйлөрүн чечүүгө, жаңы нерсени жаратууга, эң оболу өлкөбүздүн жарандарына жардам берүүгө    умтулуусу жана күчү барларданбыз;
  •  Кыргызстандын тездик менен өнүгүшүнө ишенгендерденбиз;
  •  айланасында болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабагандарданбыз;

Биз Кыргызстанды прогресстин, өнүгүүнүн жана коопсуздуктун жолу менен алдыга алып чыгуу үчүн бул жоопкерчиликти алууга даярбыз.

Элибиздин, жаш атуулдардын командасына жана колдоосуна таянуу менен биз Ата Мекенибизди күчтүү жана кубаттуу кылып, жакырчылыкты жеңип, Кыргыз Республикасынын ар бир жараны үчүн татыктуу жашоону камсыздайбыз деп ишенебиз.

Биз, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы”, Сизге, Кыргызстандын бардык камкор атуулдарына кайрылабыз, бизде кырдаалды жакшы жакка өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар;  Келгиле, багынбай, дивиденд же өз чөнтөгүбүз үчүн эмес, өлкөбүздү жакшы жакка өзгөртүү, татыктуу келечек үчүн жаңы, жаркын, мекенчил кыргызстандыктарды алдыга чыгаруу жана колдоо көрсөтүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайлы. Биздин Мекенибиз үчүн!

Урматтоо менен, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясынын” КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер".

Даярдаган: Barometr.kg. 1 нуска, 23.11.2021-жыл, “Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы” саясий партиясынын тапшырыгы боюнча.

“Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Алыбаев У. Т. тарабынан төлөндү.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandy-biriktirch-patriottuk-partiyasynan-talapkerlerinin-shajloochularga-kajryluusu



Добавить комментарий