Кыргызстандан айрым товарларды ташып чыгуу убактылуу чектелди. Алар кайсы товарлар?

23 март 2020 14:45 1624 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынан айрым товарлардын түрлөрүн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ошентип, тиркелген тизмеге ылайык алты ай товарлардын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынан экспорттоого убактылуу тыюу салуу белгиленет. Кыргыз Республикасынан үчүнчү өлкөлөргө сатууга (экспорттоого)  убактылуу тыюу салынган айрым товарлардын тизмеси:

1. Буудай жана меслин

2. Буудай уну

3. Өсүмдүк майы

4. Күрүч

5. Кесменин түрлөрү

6. Шекер

7. Тоок жумурткасы

8. Тамак-аш үчүн йоддолгон туз

9. Тоют (чөп, саман, комбикорм, улпак жана дан тоюту)

10. Салфеткалар жана башка бактерияга каршы каражаттар

11. Дезинфекциялоочу каражаттар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы мыйзамсыз экспортту жоюуга багытталган зарыл чараларды көрүүдө. Токтом кол коюлган күнүнөн тартып күчүнө кирет.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-ajrym-tovarlardyn-trlrn-tashyp-chyguuga-ubaktyluu-chekt-kirgizildi



Добавить комментарий