“Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” аттуу 10 томдук 100 нускада гана жарык көрдү

4 март 2020 15:13 1889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Изилдөөчү, УКМКнын полковниги Болот Абдрахманов, изилдөөчү “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” аттуу 10 томдук китепти жазып бүттү. Бул тууралуу өзү “Барометр” маалымат агенттигине ырастап, китептин бет ачары февраль айынын аягында болгонун маалымдады.

Китепте негизинен 1920-1953-жылдарда саясий куугунтукка кабылган 20 миңдей кишинин тизмесин камтылган.

Абдрахманов репрессиянын курмандыктары болгондордун тизмесин тактоо 1991-жылы “Ата-Бейит”  ачылгандан кийин башталганын кошумчалады. Ал өзү репрессиянын курмандыктары жашырылган жерди ачууга катышкан топту деген жетектеген.

“Репрессия курмандыктарынын тизмесин тактоо “Ата-Бейит” ачылганда эле башталып, бирок бир учурда токтоп калган. Акыркы 7-8 жылда аябай активдүү киришип, тизмелерди бүтүп, эки жыл мурда аны кыргызчага которуп, эми гана окурмандага сунуштадык”, — деди ал.

Абдрахманов каражаттын тартыштыгынан китепти болгону 100 нускада гана чыгарганын айтты.

“Китеп болгону 100 нускада өзүмдүн каражатыма чыгардым. Аны чыгарам деп тааныштардан да карыз алдым. Эми ошолордон кутулуш үчүн 10 томдукту 5 миң сомго сатып жатам”, — деди ал.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 1937-1953-жылдары жалпысынан Кыргызстанда 100 миңге жакын адам репрессияга дуушар болгонун, азыркыга чейин 5 миңге жакын адам гана акталганын социалдык тармакка жазды.

“Бирок, КГБнын отставкадагы полковниги, Ата-Бейиттеги чындыкты ачкан Болот Абдрахманов өтө мээнеттүү эмгек кылып, репрессияга кабылган 19 миң адамдын тизмесин түзүп, 10 томдук китеп чыгарды. Бул авторго чоң рахматымды айтам”, — деп ыраазычылыгын билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-sayasij-repressiyanyn-kurmandyktary-attuu-10-tomduk-100-nuskada-gana-zharyk-krd



Добавить комментарий