Кыргызстандагы көмүскө экономикага изилдөө жүргүзүлөт
Кыргызстанда көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көмүскө экономика боюнча изилдөө жүргүзүүнүн жүрүшүндө көмүскө экономиканын ар түрдүү тармактардагы масштабдарын изилдөө сыяктуу аспектилерине, фискалдык саясат жана жөнгө салуучу функция, “күзгүдөй” салыштыруу статистикасы, товарларды өндүрүү жана кызматтар маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча чаралар иштелип чыкмакчы.
Белгилей кетсек, экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана сунуштардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2020-жж. экономиканын байкалбаган тармактарын кыскартуу иш-чараларынын планы даярдалат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandagy-kmsk-ekonomikaga-izild-zhrgzlt
Добавить комментарий ×