Кыргызстанда жалпы 1 843 мектеп реалдуу режимде иштеп жатат
Бөлүшүү:
2020-жылдын 7-декабрына карата республика боюнча жалпы 1843 мектеп реалдуу режимде окутууну жандандырды. Бул тууралуу Билим берүү жана Илим министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Мектептердин ишин жандандырууда локалдуу мамиле жасалып, ар бир шаар, айылдагы эпидемиологиялык абал эске алынды.
Жалпы 1 843 мектептин ичинен:
- 401 мектепте 1-класстар;
- 610 мектепте 1-11-класстар;
- 107 мектепте 1, 11-класстар;
- 30 мектепте 1-4-класстар;
- 12 мектепте 1-6-класстар;
- 12 мектепте 1-9-класстар;
- 9 мектепте 1, 5, 9-класстар;
- 21 мектепте 1, 9, 11-класстар;
- 89 мектепте 1-6, 9, 11-класстар;
- 183 мектепте 1-5, 9, 11-класстар;
- 73 мектепте 1-4, 9, 11-класстар;
- 294 мектепте 1, 5, 9, 11-класстар;
- 3 мектепте 1, 2, 9, 10, 11-класстар окуп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-zhalpy-1-843-mektep-realduu-rezhimde-ishtep-zhatat
Добавить комментарий ×