Кыргыз-орус ишкерлери 3 млн долларлык форель сатуу келишимине кол коюшту

20 август 2019 15:42 728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Тянь-Шань" Форель ЖЧКсы Россиянын "Продмассив Сибирь" ЖЧКсы менен маанилүү келишимге кол коюшту. Бул иштин негизги максаты Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди Оруссия жергесинде экспорттоого багытталып, тыгыз иштешүүгө макулдашылды. Бул келишимдин негизги наркы 3 000 000 долларды түздү.

"Тянь-Шань" Форель ЖЧКсынын директору Илгиз Шаменовдун айтымында, Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди башка өлкөгө чоң суммада экспорттоо жана балык чарбачылыгын өнүктүрүүдө Кыргызстандагы алгачкы кадамдар.  Ошондой эле, Кыргызстанда өстүрүлгөн форель дүйнө жүзүндө алдыңкы сапта турары маалым.

Эскерте кетсек, ушул жылы Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков атайын иш сапары менен жеке ишкердин чарбачылыгы менен таанышып, мамлекет тарабынан колдоо болорун айтып, Кыргыз Орус өнүктүрүү фондунанда жеке ишкерге колдоо болорун айтып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-strlgn-forel-djn-zhznd-aldyky-sapta-turary-maalym



Добавить комментарий