Кыргызстанда облустар аралык жүргүнчү ташыган унаалар убактылуу токтоду

9 июль 2020 18:35 1906 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда облустар аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор убактылуу токтоду. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Бүгүн, 9-июлдан баштап Кыргызстандын бардык облустарында облустар арасындагы жүргүнчү ташыган коомдук транспорттун, шаарлар аралык автобустардын жүрүшү убактылуу токтотулат. 

Чектөө Кыргызстандын региондорунда эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин киргизилди.

Мындай чечим коронавирустун жайылышын болтурбоо жана алдын алуу боюнча Облустук оперативдик штабда кабыл алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-shaar-aralyk-transport



Добавить комментарий