Кыргызстанда рак илдети менен ооруган аялдардын саны бир жылда 3 миңге өстү
Бүгүн, 7-декабрда "Аялдар демократиялык тармагы" (АДТ) тарабынан USAID жана IRI эл аралык уюмдардын колдоосу менен "Сүт безинин рак оорусун эрте аныктоо улуттук программасы" деген темадагы конференция өткөрүлүп жатат.
Конференцияда эң алгач айымдардын сүт безинин рак оорусунун айынан көз жумган айымдар тууралуу статистикалык маалымат берилип, слайд көргөзүлдү.
Иш чара аты аталган оору менен ооруп кийин айыккан айымдардын конок катары келгендиги менен айырмаланууда.
Уюштуруучулар: "Мамлекет шарт түзүп бербегендиги үчүн бул оорудан айыгуу мүмкүн эмес болууда, биз бул темада мамлекет менен беттешүүгө да даярбыз" -деген ойлорун айтууда.
Эске салсак, АДТ коомдук фонду 6 жылдан бери аялдардын укугун коргоого, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошуп келет.
Статистикага ылайык, Кыргызстанда онкологиялык оору менен ооругандардын жалпы саны 2017-жылы 5538 жаранга өстү. Алардын 3050сү аялдар
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-rak-ildeti-menen-oorugan-ayaldardyn-sany-bir-zhylda-3-mige-st
Добавить комментарий ×