Кыргызстанда мектептерде акча чогултууга тыюу салынды
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерине окуучулардан, ата-энелерден акча каражаттарын талап кылууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка министр бүгүн кол койгонун мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Буйрукта маданий-массалык жана башка иш-чараларга да мыйзамсыз акча-каражаттарын педагогдордун талап кылбоо керектиги жазылган. Мындан сырткары камкорчулар кеңештеринин жана ата-энелер комитеттеринин каржы маселелерине педагогикалык жамааттын жана административдик кызматкерлердин катышуусуна тыюу салынды.
“Мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөө максатында жалпы билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлеринин, жетекчилеринин, окуучулардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мыйзамсыз акча чогултуудагы суроолор боюнча “ыкчам байланыш” телефон линияларын жана “ишеним үкөктөрүн” уюштуруу тапшырылды”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга алардын ата-энелерине моралдык-психологиялык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулары эскертилет.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-mektepterde-akcha-chogultuuga-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×