Кыргызстанда мечиттерде уурулук кылган жаран кармалды

13 сентябрь 2019 16:35 4576 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда мечиттерде уурулук кылган 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы кабарлады. Маалыматка ылайык жаран Ноокат шаарындагы дүкѳндѳрдѳгү акчаларды, калктын уюлдук телефондорун, мечиттердеги буюмдарды уурдап жүргѳн. Ал Бишкек шаарынын жараны. Кармалган адам аталган аймакта кеминде тогуз уурулук фактысы боюнча шек саналууда. Ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын, Баткен жана Ысык-Көл облусунун аймактарында дагы ушундай эле уурулук кылып жүргөнү аныкталган.

Жогорудагы фактылар боюнча иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-mechitterde-uuruluk-kylgan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий