Кыргызстанда дипломатиялык паспорттор менен жүргөндөр көбөйдү. ТИМде дагы коррупция күчпү?

28 февраль 2019 13:56 2144 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө Бишкекте расмий катталган башка мамлекеттин атынан ардактуу консул болгон 35 киши бар. Мындай маалымат депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Элвира Сурабалдиева ардактуу консулдар кандай тартипте тандаларына кызыккан суроолорду бергенде айтылды. 

Депутат Бактыбек Турусбеков акыркы учурда кызыл түстөгү дипломатиялык мамлекеттик номер менен жүргөн консулдар көбөйгөнүн билдирди. Ал эми Элвира Сурабалдиева ардактуу консул болуп жүргөн КР жарандарынын ошол мамлекетте бизнестери бар экендиги ачык эле айтылып жатканын белгиледи жана алардын так тизмеси, ким сунуштаары тууралуу так маалымат болбогону коррупциянын белгилери экендигин кошумчалады.

Буга Тышкы Иштер министрлиги консулдук кызмат департаментинин өкүлү ардактуу консулдарды дайындоо боюнча сунуш башка мамлекеттин тышкы иштер министрликтери тарабынан келерин айтып, аларды карап чыккандан кийин КР тышкы иштер министри Кыргызстандын жарандарын ардактуу консул кылып дайындай турганын айтты. Ошондой эле учурда бул жаатта анализ жасалып жатканын жана ардактуу консулдар менен иштөөнүн тартибин түп-тамырынан бери өзгөртүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

"12 жылдан бери ТИМ эми анализ жүргүзүп жатабы?"-деп нааразы болду депутат айым. "Бул жерде ишкерлер арасында ардактуу консул болуу үчүн жең ичинен бериле турчу акчанын көлөмү миңдеген долларга жеткени боюнча кептер айтылып жатат"-деп кошумчалады Сурабалдиева. 

 Өз кезегинде тышкы иштер министрлигинин өкүлү эгер ошондой маалыматтар, фактылар болсо, аларга берүүнү суранды.

Бүгүн 28-февралда Жогорку Кеңеште "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору талкууланууда. 












Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-diplomatiyalyk-pasporttor-menen-zhrgndr-kbjd-timde-dagy-korrupciya-kchp



Добавить комментарий