Кыргызстанда 1,3 миллион унаа болсо салыкты 700 миң унаа гана төлөйт

18 июль 2019 14:41 733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик каттоо кызматында 1 миллион 300 миң транспорт каражаты катталган. Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Усеин Касмалиев билдирди.   

Ал канча унаа ишеним кат менен башкарыла турганы тууралуу так маалымат жок экенин белгилеп өттү.  

“Биз реалдуу түрдө канча унаа өлкөнүн жолдорунда жүргөнүн так айта албайбыз. Биз болгону каттоочу органбыз. Бирок Салык кызматы жыл сайын унаа салыгын 700 миңдей унаа ээлери төгө турганын маалымдады”,-дейт Усеин Касмалиев.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstanda-13-million-unaa-bolso-salykty-700-mi-unaa-gana-tljt



Добавить комментарий