Кыргызстан жана Тажикстандын вице-премьер-министрлер башында турган өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

6 февраль 2020 17:45 527 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында 4-5-февралда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөттүк делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери Жеңиш Разаков жана Азим Иброхим жетектейт.

Жыйын учурунда белгиленгендей, эки жактуу мамилелерди бекемдөө максатында республикалардын ортосунда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө жалпы түшүнүү жана каалоо бар.

Вице-премьер-министр, ошондой эле кыргызстандык делегация чек ара маселелерин чечүү боюнча мындан аркы иштерди аткаруу үчүн Баткен облусунда жүрүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-zhana-tazhikstandyn-vice-premer-ministrler-bashynda-turgan-kmttr-aralyk-komissiyasynyn-zhyjyny-tt



Добавить комментарий