Кыргызстан Япониядан эмдөө иштерине көмөктөшүүнү өтүндү

25 июнь 2021 16:24 1101 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөт башчысынын орун басары Жылдыз Бакашова менен Кыргызстандагы Япониянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сигэки Маэда жолугушуп эки тараптуу маселелерди талкуулашты.Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Япония өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы 1 млн 100 миң доза вакцина көмөк берип жана ага тиешелүү муздатуучу жабдууларды берүү маселесин карап чыгууну өтүнөбүз”,-деп айтты Жылдыз Бакашова жолугушуу маалында.

Япониянын элчиси Сигэки Маэда өз кезегинде калктын эмдөөнүн маанилүү экенине токтолуп бул маселелер боюнча иш алып баруу керектигин тасыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-yaponiyadan-emd-ishterine-kmktshn-tnd



Добавить комментарий