Кыргызстан Россиядан бажы салыгы жок мунай жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү сурады
Нефтетрейдерлердин өтүнүчү боюнча Россия тарап 2021-жылдагы бажы салыгы жок жеткирүүлөрдүн индикативдүү балансына өзгөртүү киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун саясаты бөлүмүнүн башчысы Талант Маматеминов билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан балансты өзгөртүүнү өткөн жылдан бери эле сунуштоодо. КР салыгы жок ташып келе турган бензиндин көлөмүн 70 миң тонна, дизель отунун 65 миң тоннага чейин көбөйтүүнү өтүндү.
Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын беш айында Кыргызстан Россиядан 336 миң тонна бензин, 221 миң тонна дизель отунун жана 24 миң тонна реактивдүү кыймылдаткычтардын отунун импорттогон.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-rossiyadan-bazhy-salygy-zhok-munaj-zhetkirnn-klmn-kbjtn-surady
Добавить комментарий ×