Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн вице-премьерлери баштаган өкмөттүк делегациянын жыйыны өттү
Баткен облусундагы Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо дана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жыйыны болду. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларын Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров жана Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектейт.
Жолугушууга аймактык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, Баткен жана Согди облустарынын башчылары катышты.
Акрам Мадумаров чек ара маселелерин чечүү боюнча мындай жолугушуулардын жана биргеликте жургүзүлгөн иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Байыртадан эле кыргыз жана тажик эли жанаша жашап, оор учурда бири-бирине жардам берип келген. Учурда күн тартибинде турган маселелер элдин жыргалчылыгы, эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жакынкы арада чечилет деп ишенебиз», - деди Мадумаров.
Өз кезегинде Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим кесиптешин жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал ошондой эле кыргыз тарап менен маселелер өз ара түшүнүшүү жана жылуу коңшулук маанайда чечилерине үмүт артарын билдирди.
Жыйында өкмөттүк делегациялардын мамлекеттик чек аранын долбоордук чиймеси боюнча мындан аркы иштери, ошондой эле, чек ара коопсуздугун жана кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланды.
Добавить комментарий ×