«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Альянс Алтын» ЖЧКсына октябрьдагы окуялардан келтирилген чыгымды төлөп берет

14 март 2022 17:47 1849 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы «Альянс Алтын» ЖЧКсына 2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан келтирилген чыгымды төлөп берет. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ЖЧКсынын Басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын октябрь окуясында белгисиз адамдар Жерүй кениндеги «Альянс Алтын» компаниясынын объектилерине мыйзамсыз кирип, ишканага олуттуу зыян келтиришкен. Мүлк комплексинен тышкары «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы» ЖАК тарабынан камсыздандырылган жаңы кымбат баалуу жабдуулар толугу менен жок кылынган. 

Аталган компания келтирилген зыянды санап, камсыздандыруу компенсациясын төлөп берүү чечимин кабыл алды. 

Тиешелүү келишимге 9-мартта “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясы менен “Альянс Алтын” ЖЧКсынын жетекчилери кол коюшту. 

Бул келишим «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы өз милдеттенмелерин толук аткара тургандыгынын кепилдиги болуп саналат. 

Ал эми биринчи траншты төлөп бүттү. Бул иш-чара экономиканы жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойногон компаниялардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүсү. 

Кол коюу аземинде «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов тоо-кен тармагы Кыргыз өлкөсүнүн экономикасында өзгөчө маанилүү роль ойнорун баса белгиледи. “Альянс Алтын” экономиканын өнүгүүсүнө өзүнүн салымын кошуп жатат. “Учурда биздин компания туруктуу өндүрүш процессин уюштуруу боюнча активдүү иш алып барууда.  

Бул кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн бюджетине салыкты өз убагында чегерүүлөргө кепилдик берет”, - дейт ал.

-«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясынан төлөмдүн төлөнүшү биздин ишкананын үзгүлтүксүз иштешине, атап айтканда бургулоо иштери боюнча көмөктөшүүдө».  «Альянс Алтын» ЖЧКсы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жогору болгондугуна карабастан, «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы өз милдеттенмелерин аткарып жатканына канааттанат. «Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы ишенимдүү өнөктөш жана бизнестин жогорку стандарттарына ээ компания экенин иш жүзүндө көрсөттү. 

«Бул Талас алтын кенинин мүлкүн камсыздандырган Кыргыз Республикасынын башка камсыздандыруу компаниялары үчүн прецедент болот деп ишенебиз.  Ал эми жалпысынан бул иш-чара Кыргыз Республикасынын аймагындагы ири долбоорлордун инвесторлорунун арасында оң бааланып жатат”, - дейт Сабир Рахматов.  

Биз Кыргыз Республикасынын тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары менен абдан тыгыз кызматташабыз. Биздин кардарлардын катарында дээрлик бардык негизги жер казынасын пайдалануучулар бар”, - дейт “Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясынын башкы директорунун орун басары Данияр Медеров. - Биз бизнестин эң жогорку стандарттарын карманабыз, бул биздин кардарлардын лоялдуулугунун маанилүү компоненти. Өлкөнүн эң маанилүү өнөр жай комплексине ири компенсация бизге гана эмес, бүтүндөй ички камсыздандыруу рыногуна болгон ишенимди арттырат деп ишенебиз”. 

“Альянс Алтын” ЖЧКсы Жерүйдү иштетүүгө лицензияны 2015-жылы 20 жылдык мөөнөткө алган. Жерүйдө руданы казуу 2019-жылдын ноябрында башталып, 2021-жылдын март айында алтын бөлүп алуу фабрикасы ишке киргизилген.

«Альянс Алтын» бардык салыктарды жана чегерүүлөрдү өз убагында төлөп, ошондой эле көптөгөн социалдык долбоорлорду ишке ашырып келет.

«Кыргызстан» камсыздандыруу компаниясы Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногундагы эң эски компания болуп саналат, 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат, кардарлардын алдындагы өз милдеттенмелери үчүн толук финансылык жоопкерчилик тартат. 

Ал финансылык туруктуулуктун жогорку деңгээли, өздүк каражаттардын олуттуу көлөмү жана кайра камсыздандыруу боюнча ишенимдүү өнөктөштөрдүн болушу менен айырмаланат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-kamsyzdandyruu-kompaniyasy-alyans-altyn-zhchksyna-oktyabr-ajyndagy-okuyalardan-keltirilgen-chygymdy-tlp-beret



Добавить комментарий