Кыргызстанда дезинфекциялоо үзгүлтүксүз жүрүүдө (Сүрөт)
Кыргызстан боюнча коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.
Кечээ, 9-июль күнү өлкө боюнча 269 066 м² имараттардын ичи сырты, 198 100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 132 куткаруучу тартылган.
Чүй облусунунда 53 800 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 315 литр хлор колдонулду;
Нарын облусунда 2 346 м² ичи сырты 8 000 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланды.
Талас облусунда 16 800 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 240 кг хлор колдонулду.
Ысык-Көл облусунда 189 150 м² ичи сырты жана 2400 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.
Жалал-Абад облусунда 4550м² ичи сырты жана 23 100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып 1011 хлор таблеткасы колдонулду.
Ош облусунда 22 600м² имараттын ичи сырты жана 13 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.
Баткен облусунда 31 000 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 57 литр суюк хлор колдонулду.
Ош шаарында 26 520 м² имараттын ичи сырты дезинфекцияланып, 25 литр суюк хлор колдонулду.
Бишкек шаарында 23 900 м² имараттын ичи сырты жана 32 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 240 литр суюк хлор колдонулду.
Добавить комментарий ×