Кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган эки тилке макулдашылды
Кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган эки тилке макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Фергана шаарында 1-7-августа кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.
Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук сызыгынын өтүшүн чагылдыруу боюнча маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 2 тилкеси макулдашылган.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлган.
Бул жумушчу топтун кийинки жолугушуусу ушул жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын аймагында үстүбүздөгү жылга бекитилген планга ылайык өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zbek-chek-arasyndagy-taktalbagan-eki-tilke-makuldashyldy
Добавить комментарий ×