Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгондор учак менен Бишкекке жеткирилет

17 сентябрь 2019 12:40 2219 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын “Бөрү” атайын тобунун кызматкери, прапорщик Равшан Муминов каза таап, 14 жаран жаракат алды. Алардын арасында 14 жаштагы өспүрүм бар экени айтылууда. Саламаттык сактоонун  Баткен облусу боюнча координатору Учкун Эргешовдун маалыматы боюнча 5 адам реанимацияда. Жарадар алгандардын ону аэропортко тез жардам унаасы менен жеткирилип, андан ары Бишкектеги ооруканалга жаткырылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келди. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, өкмөт башчы жумушчу сапарынын алкагында чек арага жакын аймактагы айылдардын жашоочулары менен жолугушуп, жабыркагандардан кабар алат. Андан сырткары, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрөт.

Кыргызстандын чек ара кызматы тажик тарап биринчи ок чыгарган,  чыр Лейлектеги Максат айылында болгон. Учурда кырдаал турукташып, ок атуу токтотулганы кабарланды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-zharadar-bolgondordun-arasynda-sprm-bala-bar



Добавить комментарий