Кыргыз-тажик чек арасында сарайдан улам жаңжал чыкты

21 май 2019 13:05 2077 Barometr
Бөлүшүү:
ok

20-майда Баткен районунун Тажикстанга чектеш Карабак айылында Кыргызстан жарандары менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыкканын КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматтарга караганда жаңжалга Кыргызстандын жаранына таандык айыл-чарба шаймандары коюлган сарайдын эшигинин талкаланганы түрткү болгон.  

Сарай Тажикстан республикасына таандык шарттуу чек ара сызыгынан 5-6 метр аралыкта жайгашканы менен кыргызстандыктар колдончу. Сарайдын бузулган каалгасын оңдоордо тажик чек арачылары жолтоо болушкан.

КРнын чек арачылары жаңжал болгон жерге барып, кесиптештери менен сүйлөшүулөрдү жүргүзгөн. Жыйынтыгында  тажик тарап сарайдын эшигин оңдоого жана аны мындан ары колдонууга макул болгон.

Тажик тарап бул аймакта иш алып барган чек арачыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн кабарланды.

КРнын чек ара кызматындагы аскерлер жергиликтүү жетекчилер менен тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-sarajdan-ulam-zhazhal-chykty



Добавить комментарий