Кыргыз-тажик чек арасында Россиянын 8 жаранын, Польшанын 1 жаранын, Кыргызстандын 2 жаранын кармашкан
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдиүүсү боюнча 2018-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Тажикистан менен чектеш жеринде жайгашкан альплагерден алыс эмес жерден КР МЧК нын Ош облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек аранын тартибин бузгандыгы үчүн Россиянын 8 жаранын, Польшанын 1 жаранын, Кыргызстандын 2 жаранын кармашкан.
Чет элдик жарандар жана кыргызстандыктар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жүрүүгө уруксаты бар документтери жок жүрүшкөн.
Муну менен алар КРнын 2016-жылдын 4 апрелиндеги №172 “Кыргыз Республикасындагы чек ара тартиби жана чек ара тилкесинин тартибинин эрежелерин бекитүү жөнүндө” Өкмөттүн токтомун бузушкан.
Чек арага жакын аймакка кирүү(өтүү) эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын жана транспорттук каражаттардын чек арага жакын жайгашкан аймакка кирүүсү КР МЧК жана КР МКК нын уруксаты жана алардын жарандыгын тастыктаган документтер менен кирүүсү (өтүү)жүргүзүлөт.
Уруксат алуу үчүн жарандар жана уюмдар КР МКК на же территориалдык бөлүктөрүнө тиешелүү формада кайрылуусу зарыл.
Жарандар жана уюмдар чек арага жакын жайгашкан аймакка кирүүгө уруксат алган соң, алар турган жерге жараша, КР МЧК же облус боюнча башкармалыгына ( чек ара отряды, чек ара кызматынын бөлүмү, чек ара заставасы) кирүү максаты, катышуучулар, жумуштардын же иш чаралардын жүргүзүү убактылары, пайдаланыла турган транспорт жана техникалык каржаттар көрсөтүлгөн уруксат берилген документтерди жана алардын көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
Эскерте кетүүчү нерсе, чек ара тартиби орногон жерде чек арага жакын жайгашкан аймакта болуунун эрежесин бузган, уруксат документтеринин мөөнөтү бүткөн жарандар чек арага жакын жайгашкан аймактан көрсөтүлгөн убакта кетүүгө жана административдик айып төлөөгө милдеттүү.
Добавить комментарий ×