Кыргыз-тажик чек арасында болгон чатак боюнча 7 кылмыш иши козголду

19 март 2019 15:20 1214 Barometr
Бөлүшүү:
ok

13-14-мартта Кыргызстан мнен Тажикстандын чек арасында болгон чатакка байланыштуу 7 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта barometr.kgге Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова кабарлады.

“Азыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн, коопсуздук комитетинин жана аскер прокуратурасынын өкүлөрүнүн катышуусу менен мамлекеттер аралык комссия  түзүлдү”,-деп кабарлашты басма сөз кызматынан.

Башкы прокуруратурадан билдиришкендей, кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга ылайык учурда “улуттар аралык кастандыкты козутуу”,” киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренелери боюнча жети кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, 13-мартта Көк-Таш-Ак-Сай Тамдык айланма жолун курууга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында жаңжал келип чыккан. Чатакта 2 тажик жараны каза таап, 3 кыргызстандык жаран жаракат алган.

Учурда конфликт жөнгө салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tazhik-chek-arasynda-bolgon-chatak-boyuncha-7-kylmysh-ishi-kozgoldu



Добавить комментарий