Кыргызстан Катарга айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар

9 сентябрь 2019 14:14 1865 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Коммерция жана өнөр жай министрлигинин Эл аралык кызматташтык жана келишимдер департаментинин директору Ахмед Ахин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин, анын ичинде Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи жыйынын жана кыргыз-катар ишкерлер кеңешмесинин биринчи отурумун өткөрүү үчүн ыңгайлуу мөөнөттөр боюнча пикир алмашуу болду.

Кыргыз тарабы Катар Мамлекетине өзүнүн азыктарын, тактап айтканда айыл чарба азыктарын экспорттоого кызыкдар экендигин белгиледи.

Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Кыргызстан менен Катардын ортосундагы транспорттук жана логистикалык маршруттарды табууну активдештирүүнү макулдашышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-taraby-katar-mamleketine-znn-azyktaryn-taktap-ajtkanda-ajyl-charba-azyktaryn-eksporttoogo-kyzykdar-ekendigin-belgiledi



Добавить комментарий