Кыргыз-таджик чек арасында ок атылып, чыр чыкты

5 июнь 2018 19:15 1017 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстан менен чектешкен Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда тирешүү болуп, ок атылгандыгын Азаттыктан кабарлашты.

Баткен аймактык чек ара башкармалыгынын өкүлдөрү да ок атуу болгонун ырастап, окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок. Расмий комментарийди Мамлекеттик чек ара кызматы гана берет деп билдиришти. Чек арачылардын сөзүнө караганда, жаңжалды токтотуу максатында эки тараптан тең асманга ок атуу болгон.

Башаламандыктын келип чыгуу себеби, Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келди делген үч тажикстандык чек арачы курал-жарагы менен кармалгандыгында болгон. Бул боюнча мамлекеттик чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик азырынча расмий комментарий бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-tadzhik-chek-arasynda-ok-atylyp-chyr-chykt



Добавить комментарий