Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 332 адам баш тартты

17 июнь 2020 11:40 1667 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин сайты маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө эки Жарлыкка кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин биринчи Жарлыгы менен 542 адам (433 чоң адам жана 109 бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алынат жана экинчи Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 332 адам (267 чоң адам жана 65 бала) чыгарылат.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-zharandygynan-332-adam-bash-tartty



Добавить комментарий