Сооронбай Жээнбеков жогорку окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды

25 декабрь 2018 14:16 1079 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча ийгилике жетишкен жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Аны менен катар "Келечекте мамлекетибиз башкалардан артта калбай, дүйнө коомчулугунун алдыӊкы сабында болушу үчүн эң башкы роль билимдүү жана кесипкөй жаштарга таандык болот. Кыргызстандын келечеги мына силер – жаштарсыңар, – деп баса белгиледи жана билим алууда мыкты ийгиликтерди жаратып, стипендияга татыктуу болушу менен куттуктады:

"Бул жерде отурган жаштар, силер, 160 миңден ашуун студенттердин арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы жетишкендиктерди багынтып отурасыңар. "Билимдүүгө дүйнө – жарык" деген элдик нуска сөз бекер жеринен айтылган эмес. Силер канчалык билимдүү болсоңор, аалам силер үчүн ошончо жарык болот, ошончолук жолуңар ачык болот. Келечекте кайсы кесиптин ээси болбогула, эмгекчилдик, өжөрлүк менен ийгиликке жетесиӊер. Ар бириӊер өз тармагыӊар боюнча кесипкөй, мыкты адис болот деген үмүтүбүз чоң", - деп куттуктоосун айтты.

Өлкө башчы кыргызстандын өнүгүшү үчүн билим негизги ресурс катары бааланып, билим чөйрөсү мамлекеттик бюджеттен артыкчылыктуу багыт катары каржыланаарын белгиледи:

"Билимдүү коом гана өнүккөн мамлекетти курат. Азыр дүйнөлүк экономиканын жүзү өзгөрдү. Интеллектуалдык эмгек менен байланышкан тармактардын үлүшү басымдуу болуп келе жатат. Силер окууӊарды аяктап, эмгек рыногуна барганда жаӊы тармактар, жаӊы технологиялар, жаӊы кесиптер дүйнө турмушуна кирет. Алардын ичинде биотехнология, нанотехнология, композиттүү материалдар, жаӊы медицина, жаӊы экологияга негизделген кесиптер бар. Азыркы маалымат коомунун мүнөзү өзгөрөт. Силердин турмуштагы ийгилигиӊер - ушул өзгөрүүлөрдү өздөштүрүү жөндөмүӊөргө байланыштуу болот."

Президент мындан тышкары азыркы студенттер өмүр бою изденип, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө, жаӊы кесиптерди багынтууга даяр болушу керектигин белгиледи. Кыргызстандагы жасалып жаткан маанилүү иштер тууралуу кошумчалады. Жаштар келечекте кыргызстандын өнүгүүсүнө түздөн-түз катышат деген ишенимин билдирди:

"Ушул максаттар ишке ашкан күндө гана Кыргызстан жашоого ыңгайлуу, турмуш жолун тандоодо чоң мүмкүнчүлүгү бар эркин жана байгер жарандардын өлкөсү боло алат. Каалаган ой-максаттарыңар ишке ашсын, элибиз-жерибиз, мамлекетибиз үчүн ак кызмат өтөгөн татыктуу инсандардан болгула", - деп айтты Жээнбеков.

Мамлекет башчысы стипендиаттарга бекем ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана кең келечек каалап, президенттик стипендиянын сертификаттарын тапшырды.

Кошумчалай кетсек, жыл сайын өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында 69 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-prezidenti-sooronbaj-zheenbekov-zhogorku-okuu-zhajlardyn-studentterine-prezidenttik-stipendiya-tapshyrdy



Добавить комментарий