ЖАМКтын тергөөчүсү 20 000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды
Өкмөткө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
2019-жылдын 12-ноябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына О.Н. аттуу жаран (аял киши) кайрылып, ага карата катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча маселени оң жагына чечип берүү үчүн 20 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (Опузалап пара талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 2019-жылдын 14-ноябрь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек шаары боюнча кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, болжол менен саат 22:15те шаардагы кафелердин биринен 20 000 сом акчаны накталай алып жаткан жеринен ЖАМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенанты У.М. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда, У.М. курткасынын ички чөнтөгүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, ички кызматтын кенже лейтенантынын атына берилген кызматтык күбөлүк табылып, алынган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Бишкек шаары боюнча Тергөө башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат. ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-kmtn-karashtuu-zhamknyn-tergchs-karmaldy
Добавить комментарий ×