Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаеваны 15-декабрда кичи мекени Кеминде акыркы сапарга узатышат

14 декабрь 2018 09:43 6817 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева өзүнүн социалдык баракчасына Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаеванын узакка созулган оорудан улам көз жумгандыгы тууралуу маалымат таратты.

Ырчы айым кесиптешине көңүл айтып, "Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаеванын узакка созулган оорудан улам бул дүйнөдөн кайтыш болгонуна байланыштуу көңүл айтабыз. Чыгармачылыктан табышкан жубайлар 40 жыл чогуу жашашты. Турусбек, кайгыңды тең бөлүшөбүз. Баарыбыз бул дүйнөдө конокпуз. Кайрат кыл", - деп жазган.

Белгилүү алып баруучу Элмара Турсуналиева таланттуу үй бүлөө тууралуу тууралуу Barometr.kg сайтына маалымат берди: “Мен бул адамдар менен узак мезгилден бери чыгармачылык тыкыз мамиледемин. Турусбек мырзага терең кайгыруу менен көңүл айтам. Зоя менен Турусбек Москвадагы театралдык окуу жайда билим алып жүргөңдө таанышып, студент кездеринде баш кошушкан. Ажалга айла жок экен, 15-декабрда Турусбектин айылы Чоң Кеминде жерге берүү зыйнаты болот”. 

Артында жолдошу, 1 уулу жана 2 небереси калды.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-respublikasynyn-emgek-siirgen-artisti-turusbek-zhumalievdin-zhubajy-kaza-boldu



Добавить комментарий